BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотко кайра жетти
Жогорку сот "Айт Айт Десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын ишин кароону 3-мартка жылдырды. Мындай чечим материалдардын көлөмү чоң болгондуктан, сот курамы иш менен толук таанышып чыгышы керектиги менен түшүндүрүлдү.
Автомектептер боюнча пикирин айтып келген ишкер камалды
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 30-январындагы токтому менен "Айдоочуларды даярдоо борбору" жеке менчик автомектебинин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу 28-мартка чейин камакка алынды. Ага "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" боюнча кылмыш иши козголгон.
Ирандын Жогорку лидери АКШнын чабуулу региондогу согушка алып келерин эскертти
Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи АКШнын кандай гана чабуулу болбосун региондогу согушту тутантарын эскертти. Кошмо штаттары аймакка аскердик учак ташыган кемени жөнөтүп, Иран болсо Ормуз кысыгында суудагы машыгууларын өткөрүп жатат.
Жерүй кениндеги кырсыкта бир киши каза болду
Таластагы Жерүй кенинде 27-январда болгон кырсыкта Бакай-Ата районунун Биринчи май айылынын 1975-жылы туулган тургуну каза болду. Анын сөөгү 30-январда жерге берилген. Окуя кендин шахта бөлүгүндө болгон.
Шахтерлорду ташыган автобуска орусиялык дрондон чабуул жасалып, кеминде 12 адам каза тапты
Днепрпетровск облусунун башчысы Павлоград районунда жайгашкан мекемелердин биринин кызматтык автобусуна жакын жерде Орусия дрон менен чабуул жасаганын билдирди. Ал автобус тийиштүү болгон ДТЭК аттуу энергетикалык компаниянын маалыматы боюнча, андан кеминде 12 адам каза таап, дагы 16сы жаракат алышты. Ошол эле күнү Орусиянын дрондору Запорожьедеги төрөтканага да тийген.
Күндүн видеосу
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Bloomberg: Евробиримдик айрым товарларды Орусияга экспорттогону үчүн Кыргызстанга санкция салышы мүмкүн
Кыргызстан Европа Биримдигинин санкцияларына кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Украинадагы согушка байланыштуу даярдалып жаткан санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга каршы чаралар да талкууланууда.
Жазуучу Нафиси: "Ирандын зулум бийлиги чындыктан коркот"
Декабрдын этегинде экономикалык кырдаалдан улам Иранда нааразылык акциялары башталган. Январдын башында дээрлик бардык ири шаарларда митингдер жана демонстрациялар өтүп, миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан. Январдын орто ченинде бийлик нааразылык акцияларын күч менен басты – көз карандысыз булактардан алынган маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 30 миңден ашты. Дональд Трамп бир нече жолу Иранга сокку урарын айтып коркутту – АКШнын президенти Тегеранды өзөктүк келишим түзүүгө мажбурлагысы келүүдө.
Кытайда жетекчилерди тазалоо уланууда: Өзгөчө кырдаалдар министри коррупцияга шектелүүдө
Кытайдын Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу министри Ваң Сяңси "тартипти жана мыйзамды олуттуу бузууга" айыпталууда. Бул тууралуу 31-январда коррупцияга каршы көзөмөл органы билдирди.
"Чекеси жарылып, кабыргасы сынган". Армиядагы зомбулук
Байаман, Анарбек, Артур (...) Соңку бир жыл аралыгында кыргыз армиясында кеминде төрт катардагы жоокер күмөндүү жагдайда каза болду. Алардын ичинен үчөө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына чакырылган уландар болгон. Түрмө кайтарышкан. Би-Би-Си аскерде көз жумган жана сабалды делген жоокерлердин ата-энелери менен жолугуп, алардын бүгүнкү күндөгү жашоосунан кабар алып, аскерде��и зомбулукту канткенте токтотууга мүмкүн деген суроого жооп издеди.
ИИМ таксилерди лицензиялоо мөөнөтүн 1-июлга чейин узартты
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жеңил унаалар менен жүргүнчү ташуучу айдоочулар үчүн лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылганын билдирди.
АКШ Иранга кол салса эмне болот? Жети сценарий
АКШ жакынкы күндөрү Иранга кол сала тургандай болуп турат. Кайсы жакка чабуул жасалары белгилүү болгону менен анын жыйынтыгы кандай болору белгисиз. Эгерде Тегеран менен акыркы мүнөттөрдө бир макулдашууга келе албаса жана Доналд Трамп АКШ күчтөрүнө кол салууга буйрук берсе, анда окуя кайсы багытта өнүгүшү ыктымал?
Кремль Путин суукка байланыштуу Киевге бир жума сокку урбоого макул болгонун ырастады
АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү орус президенти Владимир Путин Киевге бир жума бою сокку урбоого макул болгонун билдирди. Киев шаарындагы жана Киев облусундагы бардык объектилерге, ошондой эле Украина боюнча инфраструктуралык объектилерге сокку урууга убактылуу мораторий салынганы тууралуу эртең менен согушту жактаган блогерлер кабарлашкан.
Кыргызстанда 950 миңден ашык бала жакырчылыкта жашайт
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 300 миңден ашты. Өлкөдөгү 18 жашка чейинки балдардын саны 1 миллион 800 миңдин тегерегин түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 30-январда Жогорку Кеңештин "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө жарандарынын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 4 миллиондой киши же калктын 57 пайызы айыл жергесинде жашайт.
Евробиримдик Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюм деп тааныды
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бейшемби күнү Ирандын негизги аскерий-саясий түзүмү - Ислам революциясынын сакчылар корпусун (КСИР) террордук уюм деп таануу чечимин кабыл алышты.
Украинадагы согуш: Запорожьеде орустардын соккусунан үч адам каза каза тапты
Орус аскерлери Запорожье облусундагы Вольнянск шаарына чабуул жасап, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча андан үч адам каза тапты.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.


















































