Ирандын Жогорку лидери АКШнын чабуулу региондогу согушка алып келерин эскертти

Аятолла выступает

Сүрөттүн булагы, Iranian Leader Press Office / Handout/Anadolu via Getty Images

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-си Орус кызматы

Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи АКШнын кандай гана чабуулу болбосун, ал региондогу согушту тутантарын эскертти. Кошмо штаттары аймакка аскердик учак ташыган кемени жөнөтүп, Иран болсо Ормуз кысыгында деңиздеги машыгууларын өткөрүп жатат.

"Америкалыктар билип коюусу кажет, эгер алар согушту башташса, бул жолу ал регионалдык согушка айланат",- деп Хаменеи айтканын өкмөтчүл Tasnim агенттиги цитата кылды.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин бир нече ирээт Иранга анын өзөктүк программасы жана демонстранттарга күч колдонгону үчүн Кошмо штаттарынын кийлишигишүүсү менен коркутуп келди. Ишемби күнү Флоридага бет алып бара жатып, журналисттердин Иранга карата ал кандай чечим кылганы жатат деген суроосуна, Трамп ал бул тууралуу эчтеке айта албасын жооп кылды. Бирок Иран Вашингтон менен "олуттуу" сүйлөшүүлөр өткөрүп жатканын кошумчалап, алар "алгылыктуу" бир макалдашууга келерине үмүттөнөрүн билдирди. Ошону менен катар эле Трамп АКШнын региондо "өтө чоң жана кубаттуу кемелери" бар экенин белгилей кетти.

АКШнын кубатын арттырууну алкагында аймакка USS Abraham Lincoln аскердик учак ташыган кемеси жөнөтүлгөн, Кошмо штаттарынын борбордук командачылыгы өткөн жуманын соңунда ал Аравия деңизинде жайгашканын билдирди.

"[Трамп] кемелерди алып келгенин дайым айтат...Иран эли мындай нерселерден коркуп калбайт", - деди Хаменеи жекшембидеги сөзүндө.

Жекшембиден тарта Иран Ормуз кысыгында эки күндүк согуштук атышуу менен коштолгон суудагы аскердик машыгууларын баштарын жар салган. Бул дүйнөдөгү кемелер өткөн маанилүү каттамдардын бири жана ал аркылуу электр энергиясы да ташылат.

Мунайдын дүйнөлүк соодасынын бештен бир бөлүгү ушул суу каттамы менен өтөт, анын туурасы эң кууш делген Иран менен Омандын ортосунда кеминде 33 километрди түзөт. Буга чейин Иран, эгер ага кол салына турган болсо, ал ушул кысыкты бууп саларын айтып коркутуп келген.

АКШ региондогу америкалык күчтөрдүн жанында бул Иран үчүн "кооптуу жана кесипкөй эмес аракет" болорун эскерткен. Ал эми Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Арагчи буга деп жооп кылды: "Америкалык аскерлер азыр биздин кубаттуу куралдуу күчтөрүбүз өз аймагында машыгуу максатындагы атышууларын кантип жүргүзүшү керектигин таңуулаганга аракет кылып жатышат".

Ишембиде Иранда катары менен эки жардыруу болду. Алардын бири түштүктөгү порттук Бендер-Аббас шаарында орун алды, анда бир адам каза таап, дагы 14 жарадар болушту. Жергиликтүү бийлик, жардыруу газдын чыгышынан улам болгонун айтты. Ал эми өкмөтчүл Tasnim агенттиги коомдук сайттарда жайылып жаткан ал жардыруунун бутасы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскердик-деңиздик командири болгон деген маалыматты четке какты.

Түштүк-батыштагы Ахваз шаарындагы жардыруудан кеминде төрт адам мерт кетти. Жергиликтүү бийлик мында дагы газдын чыгышын кырсыктын себеби катары көрсөттү. Бул тууралуу Tehran Times иран басылмасы жазып чыкты.

Иранский реактивный катер, на носу которого сидит человек с пулеметом

Сүрөттүн булагы, Irgc Handout/EPA/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иранга тийиштүү реактивдүү катер. Сүрөт КСИР тарабынан 5-декабрда Ормуз кысыгындагы башка машыгуулардын кийин жарыяланган

Иран өкмөтү демонстрацияларда каза тапкандардын аты-жөнүн жарыялады

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өткөн бейшембиде Дональд Трамп Иранга АКШнын аскердик кийлигишүүсүнө жол бербөө үчүн эки шартты койгон: "Биринчиден, эч кандай өзөктүк курал болбосун. Экинчиден, каршылык акцияларына чыккандарды өлтүрүүнү токтотуу".

Жекшембиде Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын администрациясы нааразылык акцияларында каза тапкан 2 миң 986 адамдын аты-жөнүн жарыялады.

Расмий маалымат боюнча, бардыгы болуп 3 миң 117 адам каза тапты, бирок 131 адамдын өздүгү тактала элек же каза тапкандар менен тургундардын өздүк маалыматтары ачакей чыгып калган учурлар болду. Ушул келишпестиктерди жойгондон кийин бийлик дагы толукталган тизмени жарыялоону убада кылып жатат.

Ал арада укук коргоо уюмдары каза тапкандардын саны мындан алда канча көп болгонун айтышууда. Америкалык Human Rights Activists News Agency агенттиги 6 миң 300 адамдын өздүгүн тастыктаган, дагы 17 миң адамдын өлүмү боюнча маалыматты иликтеп жатат.

Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights уюму болсо соңку эсептөөлөр менен каза тапкандардын саны 25 миңге чыгышы мүмкүндүгүн айтып жатат.

Iran International аттуу медиа-платформасы болжолдуу эң чоң санды - 36 миң 500 адам каза тапкан болушу мүмкүн экенин айтууда.

Ушул сандардан уламбы, айтор, Пезешкиандын администрациясы "тарыхый душмандар жана өлкөгө жакшылык каалабагандар адамдардын жашоосуна жөнөкөй сандарга жасагандай мамиле кылып, статистиканы чоңойтуп, аны менен саясий пайдага умтулуп жатышканын" айтып чыкты.

Ирандын өкмөтү ар бир каза тапкан адам баалуу экенин айтууда.

" Ар бир ирандык биз үчүн бүтүндөй Ирандай. Президент элдин алдындагы моралдык милдеттеринен улам өзүн алардын коргоочусу деп билет", - делет бул тууралуу президенттик администрациясынын билдирүүсүндө.

Хаменеи жекшембидеги өз сөзүндө нааразылык акцияга чыккандарды алар полицияга, Ислам революциясынын сакчылар корпусуна, жана башка банк жана мечит өңдүү объектилерге кол салды деп айыптаган эле.

"Төңкөрүш жокко чыгарылды", - деп цитата кылат анын сөздөрүн Tasnim агенттиги.

Каршылык акцияларына чыккандар Би-би-сиге коопсуздук күчтөрүнүн аракеттери болуп көрбөгөндөй ырайымсыз болгонун айтып беришкен.